• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исмаилова: COVID-19га каршы күрөшүүдө волонтерлор чоң салымын кошууда

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.20 /Кабар/. Бүгүнкү күндөгү негизги кыймылдаткыч күчтөрдүн бири - бул ыктыярчылар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда КР өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө волонтерлор чоң салымын кошууда.

«Жума сайын өткөн жыйында биз жарандарга өз маалында жана натыйжалуу көмөк көрсөтүү үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ыктыярчылар менен болгон байланышын түзүп жатабыз», - деди ал.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, мамлекеттин жана волонтерлордун күч-аракетин координациялоо максатында birge.pro платформасы иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий