• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исмаилова калкка амбулатордук деңгээлде көмөк көрсөтүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Бишкек шаарындагы Октябрь, Ленин жана Биринчи Май райондорундагы күндүзгү стационарларды барып көрдү жана жеринде калкка амбулатордук деңгээлде көмөк көрсөтүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр медициналык кызматкерлер жана бейтаптар менен күндүзгү стационарлардын ишин талкуулап, медициналык көмөк көрсөтүү ишинин уюштурулушу, ошондой эле тез жардам көрсөтүүдөгү кадрлардын, медициналык каражаттардын, дары-дармектердин жетишсиздиги жана медициналык таштандыларды утилизациялоо жаатындагы көйгөйлөр менен таанышты.

Белгилесек, күндүзгү стационарларга жарандар дарыгерлердин кеп-кеңешин алуу жана белгиленген медициналык дарылоону ийне саюу түрүндө алуу максатында кайрыла алат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин уюштурууну тездетүү жана күндүзгү стационарларда орун алган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий