• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исмаилова: Коомдук саламаттык сактоо тутумунун бирдиктүү базасы түзүлүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова коомдук саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча кеңешменин жүрүшүндө белгилегендей, өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кызматты модернизациялоо маселесине жетишсиз колдоо көрсөтүлүп келген. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аида Исмаилова жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Тасним Ататра өзгөчө кырдаалдар шартында коомдук саламаттык сактоону башкарууну колдоо максатында маалыматтык агымды жана ресурстарды координациялоо маселесин талкуулашты.

Эл аралык медициналык-санитардык эрежерлерге ылайык (ЭМСЭ, 2005-ж.), мамлекеттер коркунучтарга жана өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу жооп кайтаруусу үчүн колдогу мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоосу тийиш.

Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасын Саламаттык сактоо министрлигине коомдук саламаттык сактоо тутумунун бирдиктүү базасын түзүүгө, программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана адистерди окутууга техникалык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Жакынкы мезгилде учурдагы абалды баалоо жана коомдук саламаттык сактоо тутумун санариптештирүү боюнча «Жол картасын» иштеп чыгуу үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин сапары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий