• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исмаилова Кореянын жаңы президентинин инаугурациясынын алкагында өткөн иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Кечээ, 9-майда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын жаңы шайланган президентинин инаугурациясына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Корея Республикасынын жаңы шайланган президенти Юн Сок Ёлдун катышуусунда Корея президентинин алдыдагы инаугурациясынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк маданият ассоциациясы комитети тарабынан уюштурулган салтанаттуу маарекеси болуп өттү.

Аталган мааракеге Кореяда аккредиттелген дипломатиялык корпустун жетекчилери, атап айтканда Кыргызстан, Улуу Британия, Канада, Филиппиндер, Индонезия, Катар, Нигерия, Пакистан, Египет, Омандын элчилери, кореянын жана чет элдик ири бизнестин, ошондой эле түрдүү фонддордун жана маданият тармагынын өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чаранын алкагында КР элчиси Аида Исмаилова кореянын жана чет элдик ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле саясий жана маданият ишмерлери менен байланыш түзүп, кыскача сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий