• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исмаилова: Кыргызстанга Кытайдан 15 дарыгер келет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Жакын арада Кыргызстанга Кытайдан 15 дарыгер келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Белгилей кетсек бүгүн, 14-апрель күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүүдө.

Тармактык комитеттердин биргелешкен жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралууда. Жыйынга депутаттар, өкмөттүн мүчөлөрү катышууда.

Жыйында депутат Руслан Казакбаев Кытайдан дарыгерлер келет деп айтылган, дарыгерлер келеби деген суроо узатты.

Суроого вице-премьер-министр Аида Исмаилова жооп берип: "Кечээ Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөштүк. Кытайдан уруксат берилиптир. Кыргызстанга 15 дарыгер келе турган болуптур. Азыр Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болуп жатат", - деди. Аны менен бирге ал дарыгерлердин качан келери 1-2 күн ичинде билинерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий