• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исмаилова «кызыл зонада» иштеген медиктер үчүн эс алууну уюштуруу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ооруканаларда коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү үчүн «кызыл зонада» вахталык ыкма менен иш алып барган медициналык кызматкерлер үчүн эс алууну жана санаториялык-курорттук дарыланууну уюштуруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, кеңешменини жыйынтыгы боюнча медициналык кызматкерлердин тизмесин жана алардын санаторияларга баруу графигин түзүү, ошондой эле аларды транспорт менен камсыздоо чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий