• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исмаилова «Семетей» аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова «Семетей» аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кеңешмеге саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык медиктер катышты.

Кеңешменин катышуучулары «Семетей» госпиталын инструменталдык-лабораториялык диагностикалоо жана коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Мында жетиштүү өлчөмдөгү койко-фондду түзүү, анын ичинде реанимациялык бөлүмдү жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталууда.

Күз-кыш мезгилинде жугуштуу оорулардын күч алуусун эсепке алуу менен кыска мөөнөттө госпиталдын базасында толук кандуу медициналык көмөк көрсөтүүнү уюштурууга байланыштуу кадрдык жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү маселеси кабыл алынды.

Россиялык адистер кошумча түрдө жугуштуу оорулар ооруканасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, анткени, бул башка тармактык медициналык мекемелерге башка оорулууларды штаттык режимде кабыл алууга мүмкүндүк берет.

«Семетей» обсервациясынын негизинде толук кандуу жугуштуу оорулар ооруканасын түзүү идеясы коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү процессинде пайда болду, анткени, биз анда бейтаптар үчүн 1000 ашуун орунду даярдай алабыз. Ошондой эле ушул оорукананын базасында лабораторияны ачууну пландаштыруудабыз. Эгерде биз «Семетей» обсервациясынын аймагында жугуштуу оорулар ооруканасын негиздесек, анда бул стационар аймактагы эң ири жугуштуу оорулар ооруканасына айланмакчы», - деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев россиялык кесиптештерге жалпы республиканын саламаттык сактоо мекмелеринде коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө практикалык жана уюштуруу-методикалык жактан көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий