• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исмаилова волонтердук кыймылдын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова волонтердук кыймылдын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик органдар тарабынан көмөк көрсөтүүнү талап кылган көйгөйлөр тууралуу, аймактардагы волонтерлордун ишин координациялоо зарылдыгы, call-борборго техникалык колдоо көрсөтүү, бизнес-коомчулук менен рентгенологиялык диагностика тейлөөлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн талкуулоо, алыскы райондорду дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, калкты эпидемияга каршы чараларды сактоо зарылдыгы тууралуу кеңири маалымдоо тууралуу айтышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана волонтердук уюмдардын COVID-19 каршы күрөштө мындан ары карай биргелешип иш алып баруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий