• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исмаилова: Жакында жасалма дем алдыруучу аппарат жана 13 тез жардам унаасы алынат

Өкмөт 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Жакында жасалма дем алдыруучу аппарат жана 13 тез жардам унаасы алынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк тарабынан 9 млн доллар каражаты бөлүнгөн.

“Тендер өткөрүлүп, 6 млн 126 миң 598 долларга келишим түзүлгөн. Анда жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек, 17 багыттагы медкаражаттар жана 13 тез жардам унаасы 15-июлда алынат”, - дейт ал.

Исмаилова кошумчалагандай, ЮНИСЕФ тарабынан 835 миң 485 долларга жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий