• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исмаилова жана Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин башчысы кызматташтык маселелерин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова жана Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар видеоконференция режиминде Дүйнөлүк банктын социалдык тармактагы долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана Дүйнөлүк банктын саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү тармагындагы долбоорлорун алга жылдыруу чаралары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин өлкөдө да коронавирус инфекциясына байланыштуу абал ар бир тармактын алсыз жактарын ачыкка чыгарды. Социалдык блок татаал тилке болуп саналат, COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул тармак өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. Дүйнөлүк банк тарабынан маанилүү долбоорлор катарында социалдык блокту колдоо жаатында берилип жаткан көмөк сезилерлик болуп саналат», - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Аида Исмаилова белгилегендей, саламаттык сактоо тутумунда токтоосуз чечимдерди талап кылган маселелер бар, анын бири – гепатиттен жабыркагандар үчүн дары-дармек сатып алуу.

«Бүгүнкү күндө Гепатиттен жабыркагандар ассоциациясы менен биргеликте бул багытта активдүү иш жүргүзүлүүдө. Биз Дүйнөлүк банктын саламаттыкты сактоо маселеси боюнча өкүлү менен биргеликте бул суроону тыкыр талкуулоого кызыкдарбыз. Мындан тышкары, калкты иш менен камсыздоо маселеси курч турат. Антикризистик планда ишсиз калган жарандарды убактылуу иш менен камсыздоо боюнча пункт каралган. Жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн кыска мөөнөттө Дүйнөлүк банк тарабынан берилип жаткан каражаттарды натыйжалуу пайдалануу зарыл», - деп билдирди вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Болормаа Амгаабазар Кыргыз Республикасы пандемиянын алдын алуу боюнча чоң ишти аткаргандыгын белгиледи.

«Өлкө ыкчам аракеттерди кылып, өз учурунда зарыл чаралар кабыл алынды. Учурда COVID-19 байланыштуу абал көзөмөлдө турат. Республикада экономикалык абал жанданды. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан калкка инфекциянын жайылуусунун экинчи толкуну ыктымал экендиги тууралуу маалымат берилүүдө жана анын алдын алуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Белгилүү болгондой, Дүйнөлүк банк акыркы 25 жыл ичинде республикада бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда. Билим берүү тармагындагы наркы 50 млн АКШ доллары суммасындагы жаңы долбоорду өзгөчө белгилеп кетким келет. Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясына байланыштуу калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда», - деп билдирди Болормаа Амгаабазар.

Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү гепатиттен жабыркагандар үчүн дары-дармектерди сатып алуу маселесин жумушчу тартипте иштеп чыгуу зарыл экендигин билдирди.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Аида Исмаилова Дүйнөлүк банк өкүлүнө көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана өлкө бакубаттуулугу үчүн өз ара тыгыз аракеттешүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий