• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Испан полициясы террорчулукка шектелген бир нече кишини жок кылды

Дүйнө 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. Барселонадагы террордук кол салууну иликтеген испан полициячылары жума күнү таң эрте терактын уюштуруучулары менен катышуучуларын аныктоо операциясы учурунда бир нече кишиге ок чыгарышты. Бул тууралуу Каталониянын аймактык полиция башкармалыгынын өкүлдөрү билдиришти.

Операция Барселонанын түштүгүнөн 100 чакырым аралыкта жайгашкан курорттук Камбрильс шаарында болду. Жергиликтүү телеканалдын билдиришинче, кол салуудан бир нече саат өткөндөн кийин полиция Камбрильсте террордук чабуул жасоону пландоого шектелген төрт кишини өлтүрүп, бирөөнү жаракат кылды. Тартип сакчылары жарандарды көчөлөргө чыкпоого чакырышты.

Испан бийлиги Барселонадагы чабуул — пландалган бир нече терактын бирөөсү гана деп эсептейт. Полиция ири масштабдуу антитеррордук операция өткөрүүдө, негизги максаттардын бири фургон менен жөө жүргүнчүлөрдү тебелеп кеткен айдоочуну табуу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий