• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Испания Кыргызстан зор мүмкүнчүлүктөргө ээ деп эсептейт – элчи

Саясат 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Мен биздин эки тараптуу мамилебизде чыныгы натыйжалар болушуна аракет кылам. Бул тууралуу Испаниянын элчиси Давид Артуро Карриедо президентке ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыргандан кийин билдирди.

Ал Кыргызстанга келгендигине абдан кубанычта экендигин билдирди. «Мен биздин эки тараптуу саясий жана экономикалык мамилебизде чыныгы натыйжалар болушуна аракет кылам. Испания Кыргызстан бир катар тармактарда зор мүмкүнчүлүктөргө ээ деп эсептейт – айыл чарба, туризм, энергетика, IT тармагы. Аталган тармактар жаатында Испанияда абдан жакшы жаңычылдыктар бар, биздин фирмалар бүтүндөй дүйнөдө иш алып барышат», - деди элчи.

Ал президент менен сүйлөшкөндүгүн билдирип, Кыргызстанга көмөк көрсөтүү үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын айтканын кошумчалады. «Кийинки жылдын жазында Бишкекте экономикалык форум өтө тургандыгынан кабардармын. Иш-чарага көптөгөн испан ишкерлерин чакырууга аракет жасайм», - деп кошумчалады Карриедо.

Пикир

Оставить комментарий