• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оор кылмыш жасоого айыпталган кылмышкер Испаниядан Кыргызстанга алынып келди

Коом 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Оор кылмыш жасоого айыпталган кылмышкер Испаниядан Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Башкы прокуратурасынын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылды.

Белгилей кетсек, 2021-жылы айыпталуучу Э.уулу.А. А.Б. аттуу жаранды бычактап, ден соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.

Э.уулу.А 2023-жылдын 22-февралында Бишкекке алынып келди.

Пикир

Оставить комментарий