• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Испаниянын вице-премьери жана анын министр жубайы карантинге алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Испаниянын бирдей мүмкүнчүлүктөр министри Ирене Монтеродо коронавирус аныкталган. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, Монтеро жана анын жолдошу аталган өлкөнүн вице-премьери Пабло Иглесиас карантинге алынды.

"Аткаминерлердин абалы канааттандырарлык. Түзүлгөн протоколго ылайык, эртең эрте менен өкмөттүн бардык өкүлдөрүнөн анализ алынат", - деп айтылат маалыматта.

Бейшемби күнү коронавируска каршы күрөшүүдөгү иш-чаралардын планын кабыл алууга арналган жыйынга тиешелүү гана министрлер катыша алат. Калган бардык жыйындар видео конференциялар аркылуу өткөрүлөт.

Акыркы маалыматтар боюнча, Испанияда коронавирусту 2 миң 200 адам жуктуруп, 55и каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий