• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Испаниянын жараны 10 жаштагы кызды өлкөдөн алып чыгууга аракет кылган

Кырсык 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Чек арачылар “Акжол-унаа жолу” көзөмөл жайынан өлкө аймагынан 10 жаштагы кызды алып чыгууга аракет кылган Испаниянын жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документтерди текшерүү маалында Испаниянын 1968-жылкы S.C.F., аттуу жараны шек жараткан. Сурамжылоо маалында толкунданып, өзү жана кыз орус тилин билбей тургандыктарын айткан. Бирок териштире келгенде 10 жаштагы кыз тилди биле тургандыгы маалым болгон.

Териштирүү учурунда кыздын энеси анын жоголуп кеткендигин айтып, мурда укук коргоо органдарына арыз жазгандыгы аныкталган.

Кармалган Испаниянын жараны КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий