• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

IT адистерге жетиштүү айлык төлөп бербестен туруп, санариптештирүүнү ишке ашыруу мүмкүн эмес – Догоев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. IT адистерге жетиштүү айлык төлөп бербестен туруп, санариптештирүүнү ишке ашыруу мүмкүн эмес . Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев “КТ Мобайлдын” тегерегиндеги ызы-чуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда айтты.

Өлкөдө адистерге жетиштүү айлык төлөп бербестен санарип технологияларын киргизүү мүмкүн эмес, ошондуктан депуттатар ошол маселени карап беришсе жакшы болмок, деп Догоев эл өкүлдөрүнө кайрылды.

“Жеке сектордо мындай адистердин 2 миң доллар айлык акы алуусу аз деп эсептелет. Москвада алдыңкы адистер саатына 500 доллардан алышат. Бизде саатына 5 долларга жетпеген акча чыгат. Анан кантип санариптештирүүнү ишке ашырабыз?”, - деди ал.

Депутат Жанар Акаев Догоевдин билдирүүсүн колдоп, адис жүз миллион долларлык киреше алып келе турган болсо, анын айлыгынан үнөмдөөнүң кереги жок, деди.

Пикир

Оставить комментарий