• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

IT тармагы боюнча вебинарлар уланып жатат. Бир жуманын жадыбалы

Билим 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте “EdTech - билим берүүдөгү жаңы реалдуулук” деп аталган вебинарлардын сериясын өткөрүүнү улантууда.

Онлайн окутуулар билим берүүдөгү жаңы технологиялар менен таанышуу, бүтүрүүчүлөрдүн өлкөнүн ири компанияларына жумушка орношуусу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, кыска мөөнөттүү курстар жана университеттердин IT программалары боюнча маалымат берүүнү максаттайт.

Билим берүү жана илим министрлиги ушул аптада өтүүчү вебинар, мастер-класстардын тизмеси жана катталуу шилтемелерин сунуштайт:

“Мобилдик тиркемелерди жасоо” вебинары, 26-майда саат 17:00дө

Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/u9m8YaHVnHc1z19o6

“Рекламадагы 3D графика” вебинары 27-майда саат 14:00дө

Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/GdxhizkMqbe9qoTe7

“IT сабактары боюнча үй тапшырмаларын текшерүү системасы” вебинары, 27-майда саат 18:00дө

Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/f9Auz6dmUjhqtq8w7

Instagram LIve Talk: Искусство жаңы технологиялардын таасири астында кантип өзгөрүп жатат? 27-майда саат 19:00дө

Катталуу үчүн шилтеме: https://www.instagram.com/techaim.kg/

“DynEd мисалында жеке окутуу ыкмасы” 28-майда саат 17:00дө

Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/3j6gASQAkkLHUqnC7

"Art of Collage" дизайны боюнча ZOOMда ачык онлайн-семинар 28-майда саат 18:00

Катталуу үчүн шилтеме: http://tiny.cc/sc0jpz

“Билим берүү мекемелериндеги онлайн системалар” вебинары, 29-майда саат 18:00дө

Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/uZ7UdUXXWJnLL23U9

Бул иш чаралардын катары дагы толукталат. Бардык суроолор боюнча төмөндөгү электрондук дарекке кайрылсаңыздар болот: events@htp.kg.

Пикир

Оставить комментарий