• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Италия, АКШ. Социалдык өнүгүү министрлигинен Мамытованын чет өлкөгө сапарлары тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 25.09.18 /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымат таратып, анда министрдин орун басары Лунара Мамытованын чет өлкөгө сапарлары тууралуу түшүндүрмө берилет.

Кечээ, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева парламенттик комитеттин социалдык көйгөйлөр, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча отурумунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин, тагыраак айтканда, министрдин орун басары Лунара Мамытованы дипломаттык паспортту жеке максаттарда колдонууга күнөөлөгөн. Буга байланыштуу ведомство министрдин орун басары Лунара Мамытованын чет өлкөлөргө болгон сапарлары боюнча түшүндүрмө берет.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматында:

Лунара Мамытова эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматына 2016-жылдын 15-ноябрында дайындалган. Системадагы ишмердүүлүгү учурунда ал 3 жолу чет өлкөгө чыккан. 2017-жылы 18нен 29-сентябрга чейин Италиянын Турин шаарына барып, Эл аралык эмгек уюмунун академиясынын социалдык коргоо боюнча жетинчи отурумуна катышкан.

2018-жылы 30-апрелден 11-майга чейин АКШда “Социалдык коргоонун түйүндөрү боюнча” негизги курска катышкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларга министрликке расмий түрдө Лунара Мамытованын атына чакыруу түшкөн эмес. Бардык чыгымдар чакырган тарап тарабынан төлөнгөн. Курстар англис тилинде өткөн.

Депутат Аида Касымалиева айткандай, ал Хайнань аралына дипломаттык паспорту менен барганы чындыкка туура келбейт. Себеби Лунара Мамытова бул сапары үчүн дипломаттык паспортун колдонгон эмес. Ошондой эле бул сапар эмгек өргүүсү учурунда жеке каражаттарынын эсебинен ишке ашкан.

Министрликтен Мамытова өзүнүн чет өлкөгө болгон сапарлары тууралуу жетекчиликти алдын ала кабардар кылып турганын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий