• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Италия, Чехия жана Бенин: Жээнбеков элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды

Коом 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын элчиси Николай Удовиченкодон, Кытайдын элчиси – Ду Дэвэнден, Италиянын – Паскуале Д’Авинодон, Чехиянын – Рудолф Гиклден жана Бенин Республикасынын элчиси – Нукпо Клеман Кикиден ишеним грамоталарды кабыл алды.

Мамлекет башчысы аларды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, иштерине чоң ийгиликтерди каалады.

Ар бир Элчи менен баарлашуу учурунда Жээнбеков кыргыз тарап экономикага, саясатка, туризмге, билим берүүгө, илим жана техникага байланыштуу бардык багыттар жана эки тараптуу кызыкчылык туудурган башка тармактар боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкка чоң маани берерин белгиледи.

«Эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында мамилелерди бекемдөө жана ошондой эле элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү максатында бардык аракеттерди көрөсүздөр деп ишенем», — деп белгиледи Жээнбеков.

Өз кезегинде Россиянын, Кытайдын, Италиянын, Чехиянын жана Бениндин Элчилери кызматташуу жана алардын өлкөлөрүнүн элдерин Кыргызстандын эли менен жакындаштыруу боюнча алдыларына койгон пландарын жана милдеттерди белгилеп өтүштү.

Элчилер соода-экономикалык, саясий, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык аракеттерди жумшай турганына Кыргыз Республикасынын Президентин ишендиришти.

Россиянын Элчиси Николай Удовиченко, Кытайдын Элчиси Ду Дэвэн менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга алдыда боло турган мамлекеттик визиттери боюнча маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий