• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Италияда кароосуз калган үйдөгү жарылуудан 3 өрт өчүргүч каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Италиянын Кварненто шаарында кароосуз калган үйдөгү жарылуудан 3 адам каза болуп, дагы үч киши жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда RaiNews24 телеканалы билдиргенин Известия басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кварненто шаарындагы жарылуудан каза болгондордун баары өрт өчүргүчтөр болгон. Алар окуя болгон жерге жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 02:00 чамасында барган. Кырсыктан дагы 2 өрт өчүргүч жана бир адам жабыркаган.

Жабыркагандардын баары ооруканага жеткирилген.

Жергиликтүү бийлик окуянын келип чыгуу себебин тактап жатат. Өрттүн келип чыгуусунун бирден бир себеби жаратылыш газынын жарылуусу болууда.

Ошондой эле атайылап өрттөө божомолу да каралууда.

Пикир

Оставить комментарий