• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Италияда тез ылдамдыкта жүргөн поезд рельстен чыгып, эки адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Италияда тез жүрүүчү поезд рельстен чыгып, эки адам каза болду. Ошондой эле 28и жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-февралда эртең менен Миландан Салерно шаарына багыт алган "Frecciarossa" поезди рельстен чыгып кеткен. Жыйынтыгында эки вагон оодарылып калган.

Кырсыктан поездин эки машинисти каза болгон.

Италиянын темир жол боюнча полициясынын маалыматында, поездде 28 жүргүнчү болгон. Жүргүнчүлөрдүн көбү жеңил жаракат алып, бир адам олуттуу жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий