• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Италиядагы элчилик кыргыз жарандары жашаган Кальяри шаарына консулдук сапар жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Италияда жашаган жарандардын укуктарын коргоо жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында 15-16-майда Кыргызстандын Италиядагы элчилиги көп сандуу кыргыз жарандары жашаган Италиянын Кальяри шаарына консулдук сапар жүргүздү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кальяри шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө документтердин ар кандай маселелери боюнча 70ке жакын адамга кызмат көрсөтүлдү - жарандык (чет элдик) паспортторду, ички паспортторду (ID-карталар), туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жаңыртуу.

Мындан тышкары, жарандарга нотариалдык кызматтар көрсөтүлдү - ишеним каттарды даярдоо жана берүү, ошондой эле Италиянын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерине көрсөтүүнү талап кылган ар кандай маселелер боюнча бир катар консулдук күбөлүктөр берилди.

Консулдук иш сапардын жүрүшүндө, элчилик менен консулдук каттоодон өтүүгө 50гө жакын арыз кабыл алынды, ошондой эле биометрикалык маалыматтарды жыйнады.

Элчилик, учурдан пайдаланып, Сардиния аралында жашаган Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына элчиликтин иш сапарынын алкагында көрсөтүлгөн активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий