• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Италиядан келген эки кыргыз жараны. Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрмө берди

Ден соолук 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Италиядан келген эки кыргызстандык боюнча маалымат берди.

Министрликтен белгилешкендей, ЖК депутаттарынын бири "Италиядан учуп келген эки кыргыз жаранын байкоого албай кое беришкен" деп айткан.

"25-февраль күнү Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына Италияда болуп келген эки кыргыз жараны кайрылган (өздөрү келген). Аларда оорунун белгилери болгон эмес. Коронавируска текшерүү жүргүзүлүп, анализдин жыйынтыгы терс чыккан. Алардын дене табы көтөрүлгөн эмес. Андан кийин алар жашаган жери боюнча дарыгердин кароосуна жөнөтүлгөн. 27-февраль күнү аталган ооруканага дагы бир кыргыз жараны кайрылган. Белгилүү болгондой ал 13-24-февраль күндөрү Италияда болгон, Бишкекке 25-февраль күнү саат 03:00дө учуп келген. Оруунун белгилери жок болгон, дене табы көтөрүлгөн эмес (36,2градус). Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал жашаган жери боюнча дарыгердин кароосуна жиберилген", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, алар дүйнөдөгү коронавируска байланышкан кырдаалга көз салышууда. 24-февраль күнү эпидемиологиялык абал туруктуу эмес өлкөлөрдүн катарына Түштүк Корея, Япония, Иран киргизилген. 25-февраль күнү ал тизмеге Италия киргизилген. Ал тизме башка өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга жараша толукталып турат.

"Санитардык-көзөмөл жайларынын адистери иш-аракеттер жадыбалына ылайык иш алып барышууда. 24-февраль күнү Италия эпидемиологиялык абал туруктуу эмес өлкөлөрдүн катарында болгон эмес. Ошондуктан ал жактан келгендердин дене табы текшерилип, жашаган жери боюнча кароого жөнөтүлгөн", - деп билдиришти министрликтен.

Министрлик өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирип, текшерилбеген маалыматты таратпоону жана эл арасында ызы-чуу жаратпоого чакырат.

Министрликтен белгилешкендей, күн сайын жарандар алардын ыкчам штабына коронавируска текшерүүнү кайсы жерден өтсө болот деген суроо менен кайрылышууда.

"Эпидемиологиялык абал туруктуу эмес өлкөлөргө чыкпаган жана ал өлкөлөрдөн келгендер менен аралашпаган жарандарды оорунун кайсы бир белгилери байкалган учурда жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, өздөрүнүн дарыгерлерине кайрылууларын суранабыз. Дарыгер гана текшерүү жүргүзүп, коронавируска текшерүү жүргүзүү кереги бар же кереги жоктугун чечет", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий