• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Италиянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын рыногунда иштөөгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италия Республикасынын Рим шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Италия Парламентинин Сенатынын (жогорку палатасы) өкүлдөрү, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары, гидроэнергетика, айыл чарба, металлургия жаатында алектенген компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу кечки тамактануусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Казакбаев өлкөдөгү ички саясий, саясий жана экономикалык процесстер, ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо тууралуу маалымат берди.

Министр расмий жолугушууларды өткөрүү жана Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин ачылыш аземине катышуу максатында Италияга болгон иш сапары тууралуу маалымат берди. Кыргыз тарап Италия менен кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө, анын ичинде парламенттер аралык диалогду активдештирүүгө даярдыгын билдирди. Бул контекстте министр Казакбаев Бишкекте Италиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүн түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Казакбаев 2022-жылы кыргыз-италия дипломатиялык мамилелеринин орнотулушунун 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Италия парламентинин сенаторлорун Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Ошону менен бирге, европалык өнөктөштөр, анын ичинде Италия менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө түрткү бере турган, 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өткөн Европа Биримдиги-Борбордук Азия биринчи экономикалык форумун белгилеп өттү.

Ал Кыргызстандын өкмөтү тарабынан чет элдик инвестицияны тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, Италиянын алдыңкы технологияларын, инновацияларын жана тажрыйбасын Кыргызстандын экономикасынын гидроэнергетика, айыл чарба, туризм сыяктуу тармактарында колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Италия парламентинин өкүлдөрү Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин ачылышы тараптардын кызматташуусун тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын өзгөчө белгилешти. Бишкекте Италиянын элчилигин ачуу зарылдыгына макул экендиктерин жана 2022-жылдагы юбилейлик жылдын алкагында Кыргызстанга келүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Италиянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын рыногунда иштөөгө зор кызыгууларын баса белгилешти жана Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү менен байланыштарды түзүү, ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулоо үчүн ушул айда Италиядан Кыргызстанга бизнес делегациясынын иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий