• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Италиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууга даяр

Саясат 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. 13-декабрда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Италияга жумушчу сапарынын алкагында Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун төрагалыгы астында өткөн “Италия – Борбордук Азия: өз ара түшүнүшүүнү, кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөө” аттуу эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Италиянын коомдук, саясий ишмерлеринин жана ишкер чөйрөлөрүнүн алдында сөз сүйлөп жатып, министр Ч.Айдарбеков аларды КРнын тышкы саясий приоритеттери, Борбордук Азиядагы кызматташтыктын жаңы деми жөнүндө маалымдады. КР тышкы саясий мекемесинин башчысы Кыргызстандын экспорттук жана инвестициялык дараметине конференциянын катышуучуларынын көңүлүн бурду жана италиялык ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн Кыргызстанга жигердүү инвестиция жумшоого жана 2020-жылы Кыргызстанда боло турган Европа Бирлиги – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Италиялык тарап Кыргыз Республикасы жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга зор кызыкдарлыгын билдирди. Италиялык бизнестин өкүлдөрү эң жаңы технологияларды колдонуу аркылуу гидроэнергетика, инфратүзүм, транспорттук логистика жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий