• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Италиянын кубогу: "Ювентус" менен "Миландын" оюну 1:1 эсебинде аяктады

Спорт 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда футбол боюнча Италиянын кубогунун жарым финалында "Ювентус" клубу менен "Милан" командалары оюн өткөрдү.

"Сан-Сиро" стадионунда өткөн оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Алгачкы голду миландык Анте Ребич оюндун 61-мүнөтүндө киргизди. 10 мүнөттөн кийин кызыл-каралардын оюнчусу Тео Эрнандес айып кагазын алгандыктан оюндан четтетилди. Беттештин 91-мүнөтүндө "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду 11 метр айып соккусун тээп, гол киргизди.

Эки команданын жооптук беттеши 5-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий