• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Италиянын курамасы Англияны жеңип, Европанын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Футбол боюнча Европанын чемпионатынын финалында Италиянын курамасы Англиянын командасын утуп, экинчи ирет чемпион аталды.

Лондондогу “Уэмбли” стадионунда өткөн беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталгандыктан 11 метрлик соккулар белгиленди.

11 метрлик соккуда италиялык футболчулар алдыга озуп чыгып, 3:2 эсебинде атаандашын жеңип чыкты.

Эскерте кетсек, Италиянын курамасы Евро чемпионатын 1968-жылы уткан.

Пикир

Оставить комментарий