• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ITF-таэквондо боюнча КРнын ачык чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Бишкекте ITF-таэквондо боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу КРнын таэквандо федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы команда боюнча1-орунду Эдуард Хегайдын жетекчилиги астындагы окуучулар багынтышты (15 алтын медаль), 2-орунду Ильдар Юсуповдун окуучулары (11 алтын), 3-орунду Казакстандан келген команда ээледи.

Эскерте кетсек, КРнын борборунда 22-23-апрелде Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан 500дөн ашык спортчунун катышуусунда ITF-таэквандо боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өттү. Мелдештин биринчи күнүндө 6 жаштан 14 жашка чейинкилер, экинчи күнү 15 жаштан жогоркулат ат салышты.

Пикир

Оставить комментарий