• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«Иттипак» уйгур диаспорасынын төрагасы А.Хаджиев: С.Жээнбековдун программасы эртеңкиге ишенимди жаратат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. «Мамлекетибизде 26 жыл ичинде трагедиялык да, жакшы да күндөр болду. Акыркы алты жылда өлкөдө туруктуулукорноп, ири долбоорлор иштеп жатат, көп нерсе жасалды. Бул реформалар улантылышы керек», - де пбилдирди «Иттипак» уйгур диаспорасынын төрагасы Артык Хаджиев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.

«Биз туруктуу, гүлдөгөн мамлекетте жашагыбыз келет. Биз эртеңки күнүбүзгө ишенимдүү болгубуз келет. Балдарыбыздын келечегине ишенимдүү болуп, иштеген жумушубуз болсо экен дейбиз. Биз ар дайдым кыргызстандыктарбыз, Кыргызстандын жарандарыбыз дегенге сыймыктангыбыз келет. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда көп нерсе жасалды. Эң башкысы, бардык тармактарда экономиканын өсүшү болду.Талапкердин «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!» аттуу программасы бизге эртеңки күндөн чоң үмүт жана ишеним жаратат. Биз сиздерге ишенебиз. Туруктуулук сакталып, Кыргызстан эл аралык аренада мыкты позицияларын бекемдейт деп ишенебиз. Биз сизди колдойбуз жана добуш беребиз. Бардыгыңарды 15-октябрда шайлоого келип, биздин талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүүңөрдү чакырам. Туруктуулук үчүн, өнүгүү үчүн, улуттар аралык ынтымак үчүн!», - деп белгиледи Артык Хаджиев жана бардыгын Сооронбай Жээнбековду шайлоого чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 03.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий