• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Юн Сок Ёль Кореянын президенти болуп шайланды. Садыр Жапаров куттуктоо катын жолдоду

Президент 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Юн Сок Ёлди Корея Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

“Корея Республикасы Азия-Тынч океан регионундагы Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Кыргызстан достук жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген кыргыз-корей эки тараптуу мамилелерин жогору баалайт. Акыркы жылдары биздин кызматташтыгыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилей кетүү кубанычтуу. Буга жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар, жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр маанилүү өбөлгө түздү.

Сиздин жогорку мамлекеттик кызматта иштөөңүз Корея Республикасынын мындан аркы өнүгүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин тереңдешине салым кошот деп ишенем”, - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо катында.

Садыр Жапаров Юн Сок Ёлго чың ден соолук жана жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми дос Корея элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий