• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЮНЕСКО: Эксперттер Ирактагы бошотулган райондордогу маданий мурастардын абалын баалоого чогулушат

Дүйнө 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. 23-24-февралда Ирактын жана эл аралык эксперттер Ирактагы бошотулган райондордогу маданий мурастардын абалын баалоо жана археологиялык объекттерди, диний эстеликтерди, музей коллекцияларын, тарыхый кол жазмаларды сактоо маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары, жолугушууда маданий мурас объекттерин талап-тоноого жол бербөө жана маданий баалуулуктарды мыйзамсыз сатууга тыюу салууну макулдашышат.

Жолугушуу аккредитацияланган ЖМКлар үчүн ачык болот. Жыйынга ЮНЕСКОнун Башкы катчысы Ирина Бокова, Ирактын Билим берүү министри Мохаммед Икбал Омар, жана Ирактын Маданият министри Фарьяд Равандози жана 80ге жакын эксперттер катышат. Жумушчу жыйындарда башкы тема археологиялык объекттерди, диний эстеликтерди, музей коллекцияларын, тарыхый кол жазмаларды сактоо жана талап -тоноого жол бербөө болуп, мында айрыкча Нимруд жана Дүйнөлүк мурас объектиси болгон Ашшур (Калат-Шергат) жана Хатра эстеликтерине көңүл бурулат.

Пикир

Оставить комментарий