• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЮНЕСКО Ысык-Көлдүн түштүгүнө геопарк уюштурууну көздөөдө

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. ЮНЕСКО эл аралык уюму Ысык-Көлдүн түштүгүнө геопарк уюштурууну көздөөдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев ЮНЕСКО эл аралык уюмунун Орто Азия боюнча өкүлү Кристине Товмясанды кабыл алды.

Анда ЮНЕСКОнун өкүлү Ысык-Көлдүн түштүк жээгин геопарк кылып, уюштурууга пландар бар экенин билдирди.

Кожоев геопаркты уюштурууга кызыкдар экенин айтып, жакынкы арада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жумушчу тобу түзүлүп, иш алып барыларын белгиледи.

Геопарктын түзүлүшү экосистеманы коргоп, маданий баалуулуктарды жана экотуризмди өнүгүшүн шарттайт.

Пикир

Оставить комментарий