• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЮНИСЕФ Билим берүү министрлигине антисептикалык каражаттарды берди

Коом 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлигине 32965 литр антисептикалык каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каражаттар мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылышын колдоо жана COVID-19 жайылышын алдын алуу максатында берилди.

Билим берүү министрлиги антисептикалык каражаттарды райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу өлкөдөгү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жөнөтөт.

“Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргызстанда мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуз ачылышы үчүн жасап жаткан аракеттерине кошулганыбызга кубанычтабыз. Балдар коопсуз чөйрөдө классташтары, мугалимдери менен чогуу окууну жактырарына үмүттөнөбүз”, - деди ЮНИСЕФтин билим берүү боюнча адиси Марико Като.

Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФке көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазылык билдирди. Өз кезегинде Марико Като ар бир бала үчүн гигиеналык шарттарды камсыз кылуу максатында ЮНИСЕФ Кыргызстандын Өкмөтү менен мындан ары дагы кызматташуусун улантарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий