• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЮНИСЕФ Билим берүү министрлигине гигиеналык каражаттарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. ЮНИСЕФ КР Билим берүү жана илим министрлигине 56 647 литр суюк самын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каражаттар мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылышында көмөк көрсөтүү жана COVID-19 жайылышын алдын алуу максатында берилди.

Билим берүү министрлиги суюк самын каражаттарын райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу өлкөдөгү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жөнөтөт.

“Билим берүү жана илим министрлигине 56 647 литр суюк самын каражаттарын бергенибизге кубанычтабыз. Каражаттар Кыргызстандагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуз ачылышы үчүн профилактикалык иштерди жүргүзүү жана вируска каршы күрөшүү үчүн колдонулат”, - деди ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Геррит Маритц.

Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу өткөн жылдын декабрь айында өлкөдөгү билим берүү уюмдарына дээрлик 33 000 литр антисептикалык каражаттар берилген.

Пикир

Оставить комментарий