• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине 12 млн сомдук жеке коргонуучу каражаттарды берди

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 12 млн сомдон ашык суммага жеке коргонуу каражаттарын тапшырды. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЮНИСЕФ COVID-19 пандемиясынын учурунда эмдөөчүлөрдү жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу аркылуу коопсуз эмдөө практикасын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине колдоо көрсөтөт.

ЮНИСЕФ саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык кызматкерлер үчүн 8 миң медициналык беткап, эмдөөчүлөр үчүн 12 миң 500 жуп нитрилдүү колкап, 20 миң жуп гинекологиялык колкап жана 11 миң 350 антисептик берди.

ЮНИСЕФ Министрликтин өтүнмөсү боюнча жеке коргонуу каражаттарын дүйнөдөгү эң ири гуманитардык жардам кампасы жайгашкан Копенгагендеги жабдуу бөлүмү аркылуу сатып алды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул өтө зарыл буюмдарды пандемияга жооп катары көрүлгөн эмдөө иш-чараларына колдоо көрсөтүп, илдет менен кармашта алдыңкы катарда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди коргоо үчүн колдонот.

Ошондой эле энелердин, жаңы төрөлгөн балдардын жана медициналык кызматкерлердин коопсуздугу үчүн гинекологиялык колкаптар Бишкек, Ош жана Баткендеги төрөт мекемелерине жеткирилүүдө.

Мындан тышкары, ЮНИСЕФ 890 миң медициналык беткапты COVID-19га каршы коопсуз эмдөөнү камсыздоо үчүн сатып алды.

“ЮНИСЕФ глобалдык деңгээлде COVID-19га жооп кайтаруу үчүн өтө зарыл буюмдар менен жабдуунун үстүндө күнү-түнү иш жүргүзүүдө. Буга вакциналар, ийнелер, иммунизация үчүн жабдуулар, дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары кирет. Кыргызстандын Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта ар бир адамды коргоо максатында бул каражаттарды төрөт үйлөрүнө жана ооруканаларга беребиз”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник.

ЮНИСЕФ COVID-19 менен күрөшүүдө Өкмөткө колдоо көрсөтүүнү уланта берет. Бул үчүн ЮНИСЕФ COVAX демилгесинин алкагында COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздап, вакциналарды сактоо үчүн муздатуучу жабдууларды сатып алып, илдет менен кармашта алдыңкы катарда иштеген медициналык кызматкерлерди өтө зарыл буюмдар менен камсыздап, ошондой эле ар бир бала жашоосун улантып, өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга да колдоо көрсөтө бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий