• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЮНИСЕФ: Кризис аймактарындагы балдар 3,9 млрд доллар жардамга муктаж

Дүйнө 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. ЮНИСЕФ Сирия, Ирак жана башка өлкөлөрдүн кризис болуп жаткан аймактарындагы балдардын абалы начарлаганын белгилеп, бул өлкөлөрдөгү балдарды коргоо үчүн 3,9 млрд. доллар керектелерин билдирди. Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Сирия, Ирак, Йемен, Бангладеш жана бир катар Африка өлкөлөрүндөгү балдар начар абалда турат. Дүйнөнүн 59 өлкөсүндөгү 41 миллион бала чоң коркунуч алдында жашайт. Бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү чыр-чатактардан жана табигый кырсыктардан жапа чегип келишет.

ЮНИСЕФтин чукул кырдаалдар боюнча директору Мануэл Фонтэйн Женевада өткөн басма сөз жыйынында, бул уюм 2019-жылы каржылык жардамдардын көпчүлүк бөлүгүн сириялык балдарга бөлүп берерин билдирген. Буга чейин ЮНИСЕФ уюму 2018-жылдагы балдардын абалы тууралуу баяндамасын жарыялап, бул жылды дүйнө жүзүндөгү миллиондогон балдар үчүн “өтө коркунучуу жана оор жыл” деп атаган.

Сирия, Ирак жана Йеменде акыркы бир нече жылдан бери болуп жаткан чыр-чатактардан улам бул өлкөлөрдүн көптөгөн жарандары үй-жайларын таштап качууга аргасыз болушту.

Пикир

Оставить комментарий