• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЮНИСЕФ: Кыргызстанда балдардын 57%ы үйүндө зомбулукка кабылышат

Коом 0

Бишкек, 01.11.17 /Кабар/. БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) бүгүн “Тааныш жүз: балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зордук-зомбулук” жаңы глобалдык отчетун сунуштады. Ага ылайык, дүйнөдө 2 жаштан 4кө чейин курактагы 300 млн жакын бала үйүндө аларга кам көргөн адамдар тарабынан психологиялык агрессияга же уруп-согууга кабылышат.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүнүн башчысы Мунир Мамедзаде республика боюнча мониторингдин маалыматтарына ылайык балдардын 57%ы үйүндө зордук-зомбулукка кабылышат.

“Балдарга орой мамиле жасоонун курмандыктары же күбөлөрү КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 111 тез байланыш номерине кайрылышса болот. Алар Бишкек, Талас, Каракол жана Түптө зордук-зомбулук жана орой мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборлоруна кайрыла алышат”, - деп билдирди Мамедзаде.

Анын айтымында, балдарга зомбулук көрсөтүү ар бир коомдун көйгөйү жана мунун баары үй-бүлөдө, мектепте жана балдар мекемелердин болот. Ал орой мамиле, денесине залал келтирүү, балдарды сатуу, экономикалык жана сексуалдык эксплуатация, эрте нике түрүндө болуп келет.

Докладда мектеп жашындагы балдардын жарымы – 732 миллиону мектептерде денесине зыян келтирип жазалоого толук кандуу тыюу салынбаган өлкөлөрдө жашашары айтылат.

Зомбулукту жоюу үчүн ЮНИСЕФ Кыргызстандын өкмөтүн чукул чараларды кабыл алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий