• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЮНИСЕФ онкологиялык оорусу бар бейтаптар үчүн өзүнүн кампаларынан дары-дармек берет

Ден соолук 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. ЮНИСЕФ онкологиялык оорусу бар бейтаптар үчүн өзүнүн кампаларынан дары-дармек берет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага Оштогу онкология жана гематология балдар бөлүмүндө керектүү дары-дармектердин жетишсиздиги боюнча суроо узатылды.

Анын айтымында, онкологиялык оорусу бар бейтаптарга дары-дармек алуу үчүн бюджеттен 160 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен 60 млн сому балдар үчүн дары алууга жумшалат.

"Ош облустар аралык клиникалык бейтапканада бир катар дарылар бар. Ошол эле учурда айрым дары-дармектер жок. Каттоо, тендер маселеси жана чек аранын жабыктыгына байланыштуу ал дары-дармектерди өз убагында алып келүүдө кыйынчылык жаралууда", - деди ал.

Ал, бул боюнча ЮНИСЕФ менен иш алынып барып жатканын айтып өттү.

"Жакында ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен жолугушуп, алардан дары-дармек алууга көмөктөшүүнү сурандык. ЮНИСЕФ кампаларында болгон дары-дармектер менен камсыздоого жардам берет деп макулдаштык: Оштогу бөлүмгө 55 миң доллардан ашык жана Улуттук онкология жана гематология борборуна 65 миң долларга жакын каражатка", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий