• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЮНИСЕФ: ымыркайлардын өлүмү боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунда турат

Коом 0

Бишкек, 20.02.18 /Кабар/. БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы отчетуна ылайык, дүйнө жүзү боюнча ымыркайлар арасында өлүм саны жогору бойдон кала берүүдө. Пакистан менен Ооганстанда жарык дүйнөгө келген ымыркайларга караганда Жапонияда, Исландияда жана Сингапурда төрөлгөн балдарда жашап кетүү шансы жогору. Ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунду ээлеп, мисалы, Азербайжан, Монголия жана Молдова өңдүү өлкөлөрдөн озуп чыкты. Кыргызстанда ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү 11.6 болду. Бул демек, 2016-жылы аман төрөлгөн миң баланын ичинен 86 ымыркай чарчап калган дегенди билдирет. ЮНИСЕФ маалымат кызматы билдиргендей, өлкөлөрдүн толук тизмесин бул шилтеме боюнча таба аласыз.

“Чейрек кылымдын ичинде беш жашка чейинки балдар арасында өлүм санын эки эсе кыскартканыбызга карабастан, бир айга толо элек ымыркайлардын арасында өлүм санын азайтууда ушундай эле жыйынтыкка жете алган жокпуз”, – деп белгиледи ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Генриетта Фор. “Бул өлүмдөрдү болтурбай коюу мүмкүн болгонун эсепке алганда, өтө жакыр өлкөлөрдө жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын жашап кетүүсүнө шарт түзө албай жатканыбыз анык”.

Отчетко ылайык, жашоо деңгээли төмөн өлкөлөрдө орточо эсеп менен алганда аман төрөлгөн миң баланын ичинен 27 бала чарчап калат. Жашоо деңгээли жогору өлкөлөрдө аман төрөлгөн миң баланын үчөө жарык дүйнө менен кош айтышат. Жакыр өлкөлөрдө төрөлгөн ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү бакубат өлкөлөргө салыштырмалуу 50 эсе жогору.

Жашоодогу тең эмес мүмкүнчүлүктөр

Ымыркайлар арасында өлүм саны жогору болгон өлкөлөр

Ымыркайлар арасында өлүм саны төмөн өлкөлөр

1. Пакистан: 22 баланын ичинен бирөө

1. Жапония: 1,111 баладан бирөө

2. Борбордук Африка Республикасы: 24төн бирөө

2. Исландия: 1,000 баладан бирөө

3. Ооганстан: 25тен бирөө

3. Сингапур: 909 баладан бирөө

4. Сомали: 26дан бирөө

4. Финляндия: 833 баладан бирөө

5. Лесото: 26дан бирөө

5. Эстония: 769 баладан бирөө

6. Гвинея-Бисау: 26дан бирөө

5. Словения: 769 баладан бирөө

7. Түштүк Судан: 26дан бирөө

7. Кипр: 714 баладан бирөө

8. Кот д’Ивуар: 27 баладан бирөө

8. Беларус: 667 баладан бирөө

9. Мали: 28 баладан бирөө

8. Люксембург: 667 баладан бирөө

10. Чад: 28 баладан бирөө

8. Норвегия: 667 баладан бирөө

8. Корея Республикасы: 667 баладан бирөө

Ымыркайлардын 80% ашыгы алдын алууга боло турган себептерден көз жумган. Мисалы, алар эрте төрөттүн натыйжасында, кыйынчылыктар менен коштолгон төрөт маалында, сепсис жана пневмония өңдүү инфекцияларды жуктуруп алып чарчап калышат.

“Кыргызстан беш жашка толо элек балдар арасында өлүм санын кыскартууда олуттуу прогресске жетишти. Бирок ымыркайлардын жарык дүйнөгө келген алгачкы айында жашап кетүүсү үчүн дагы да көп аракеттерди жасаш керек. Ымыркайлардын өлүмүн бир нече жол менен азайтса болот. Мисалы, акушерлерди кошумча окууга жиберүү, ар бир медициналык мекемени таза суу жана тиешелүү санитардык шарттар менен камсыз кылуу, төрөттөн кийин алгачкы саатында балага эмчек эмгизүү, эне менен баланын ортосунда “денеден-денеге” байланышын түзүү ымыркайдын өмүрүн сактап калууга өбөлгө болот”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Дүйнөдөгү бардык ымыркайлардын атынан көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында ушул айда ЮНИСЕФ Ар бир бала аман болсун! аттуу глобалдык өнөктүктү баштап жатат. Бул өнөктүктүн алкагында ЮНИСЕФ ар бир баланын өмүрүн сактап калууга үндөп, өкмөттөргө, медициналык кызматкерлерге, донорлорго, бизнес өкүлдөрүнө, үй-бүлөлөргө кайрылат. Бул үчүн төмөнкүдөй чаралар көрүлүшү керек:

  • Эне-баланын саламаттыгына кам көрүү жаатында тажрыйбасы бар дарыгерлерди, медайымдарды жана акушерлерди ишке алып, аларды жетиштүү санда камсыздоо;
  • Эне-баланын саламаттыгы үчүн суу, самын, электр жарыгы өңдүү базалык шарттар түзүлгөн таза, жабдылган төрөт үйлөрүн кепилдөө;
  • Эне-баланы зарыл болгон дарылар жана төрөт үчүн керектүү жабдуулар менен камсыз кылууга артыкчылык берүү;
  • Өспүрүм кыздардын, энелердин жана сапаттуу медициналык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

“Жыл сайын дүйнө жүзүндө 2,6 миллион бала жашоосунун алгачкы айында эле чарчап калат. Алардын ичинен бир миллион бала төрөлгөн күнү эле жарык дүйнө менен кош айтышат”, - деди Юкиэ Мокуо. “Саламаттык сактоо тармагында сапаттуу чечимдерди кабыл алуу менен бул балдардын көбүнүн өмүрүн сактап кала алабыз. Эгерде 2030-жылга чейин ар бир өлкөдө ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү кирешеси жогору өлкөлөрдүн орточо көрсөткүчүнө чейин төмөндөсө, 16 миллион баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болот”.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматтыhttps://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан таба аласыз. Ошондой эле Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.

Кененирээк маалымат алуу үчүн:

Сабрина Сидху, ЮНИСЕФ-Нью-Йорк, +1 917 4761537, ssidhu@unicef.org

Вероника Ващенко, ЮНИСЕФ-Бишкек, +996 777 919 142, vvashchenko@unicef.org

Пикир

Оставить комментарий