• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЮНИСЕФ Өзбекстанды мектептердеги гигиена шарттарын жакшыртууга чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. ЮНИСЕФ Өзбекстан өкмөтүн жаңы окуу жылы башталганга чейин мектептерде санитария жана гигиена шарттарын жакшыртууга чакырды.

Баяндамага ылайык, Өзбекстандагы мектептердин 13 пайызында колду самындап суу менен жууганга шарт жок.

Документте мектептердин 83 пайызында таза суу, 78 пайызында санитариянын базалык шарты бар экени белгиленген.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Өзбекстанда мектептердин жабылышы 8 миллион окуучунун үзгүлтүксүз окуусуна тоскоолдук жараткан.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) 13-августта жарыялаган баяндамасында дүйнөдө 820 миллион бала үчүн мектептерде колду самындап жууп турганга шарт жок экени, бул COVID-19 жана башка инфекциялык ооруларды жуктуруу ыктымалдуулугун жогорулатары айтылган.

Пикир

Оставить комментарий