• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЮНИСЕФ Өзбекстанга коронавируска каршы 660 миң доза вакцина жеткирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Бүгүн бириккен улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) Өзбекстанга коронавирустун Covishield (AstraZeneca) вакцинасынын 660 миң дозасын жеткирди. Бул тууралуу Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ЮНИСЕФтин Өзбекстандагы өкүчүлүгүнүн башчысы Мунира Мамедзаденин айтымында, Өзбекстан коронавируска каршы вакцина алган аймактагы биринчи өлкө болуп саналат.

“Биринчи этаптын алкагында Өзбекстан май айында вакцинанын дагы бир партиясын алат. Майда вакцинанын 2,3 млнго жакын дозасы жеткирилиши күтүлүүдө. Биринчи этаптын алкагында калктын 3%га жакыны эмделет. Жыл аягына чейин COVAX программасынын алкагында Өзбекстан калкынын 20%га жакыны эмделет”,-деп белгиледи ал.

Вакцина Өзбекстанга кайтарымсыз негизде берилди. Жеткирилген вакцинанын жалпы баасы 1,98 млн долларды түзөт. CoviShield препараты Индияда Serum Institute India компаниясынын кубаттуулугунда өндүрүлөт.

Covishield — COVID-19 каршы вакцина, Оксфорд университети жана AstraZeneca компаниясы тарабынан өндүрүлөт. Вакцина үй муздаткычынын туруктуу температурасында сакталат жана бир дозасы 3 доллардан 4 долларга чейин турат.

Пикир

Оставить комментарий