• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЮНИСЕФ жана Катар кайрымдуулук фонду кыргызстандык окуучулар үчүн мектеп буюмдарын тапшырды

Билим 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. ЮНИСЕФ жана Катардын Кыргызстандагы кайрымдуулук фонду КР Билим берүү жана илим министрлигине 175 мектеп буюмун жана 7 миң мектеп баштыгын (рюкзак) беришти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

COVID-19 пандемиясынын шарттарында министрлик бул буюмдарды 2021-жылдын сентябрында жаңы окуу жылынын башталышына карата аярлуу топтордогу балдар, атап айтканда, башталгыч класстын окуучулары арасында бөлүштүрүп берет.

Мектеп буюмдарын өткөрүп берүү күн мурун билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Катардын Кыргызстандагы кайрымдуулук фондунун директору Алсаммана Мохамада Хомама, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольмдун катышуусунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий