• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлчүлүгү интернат тибиндеги балдар мекемелерине коргоочу каражаттарды берди

Коом 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызстандагы БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) өкүлчүлүгү билим берүү, саламаттык сактоо системасындагы интернат тибиндеги балдар мекемелери, анын ичинде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдар мекемелери жана аймактык бөлүмдөрү үчүн коргоочу каражаттарды (беткап, колкап, дезинфекциялоочу заттар ж.б.) берди.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, коргоочу каражаттар 2,5 миллион сом өлчөмүндө берилген. Коргоочу каражаттар Жардам штабына жеткирилди, ал жерде балдар жашап жаткан интернат тибиндеги балдар мекемелерине таратылат.

Пикир

Оставить комментарий