• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Юридикалык жактарды онлайн каттоо долбоору өлкө аймагында ишке киргизилүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Юстиция министрлиги юридикалык жактарды онлайн каттоо долбоору өлкө боюнча ишке ашырылууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, ал долбоор былтыр Бишкек менен Чүй облусунда сыноо иретин киргизилген.

"Мурда алыскы аймакта турган жаран документтерин тапшырыш үчүн Юстиция министрлигинин облустук башкармалыгына барышы керек болчу. Эми компьютер, интернет байланышы, биометрикалык паспорту жана андагы маалыматты окуган кардридери болсо жарандар үйүнөн чыкпай документтерин онлайн тапшыра алат. Биздин органдар аны үч күн ичинде карап чыгып, баары туура болсо юридикалык жак деп каттоого алган күбөлүк берилет", - деди ал.

Ал белгилегендей, онлайн каттоо менен каттоого кеткен күн кыскарбайт. Бирок жарандар министрликтин мекемелерине келип кезекте турбайт, жолдо жүргөн убактысы, жол чыгымдары үнөмдөлөт. Коммерциялык уюмдарды каттоого 3 күн, коммерциялык эмес уюмдарды каттоого 10 жана саясий партияларда каттоого 1 ай талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий