• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Юридикалык жардам декадасында мамлекет жеке адвокаттар менен келишим түзүп иш алып барды — Калбеков

Коом 0


Бишкек, 20.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасында мамлекет жеке адвокаттар менен келишим түзүп иш алып барды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 6-15-декабрь аралыгында калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы өтүп, жалпы 6 миң 579 жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү.

“Учурда 450дөн ашык адвокат биздин системага киргизилген. Мамлекеттик адвокат деген түшүнүк жок. Юстиция министрлиги жеке жактоочулар менен келишим түзгөн. Декаданын алкагында алар жарандарга юридикалык жардам көрсөтүштү”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, декаданы өткөрүүнүн негизги максаты — калкка укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, калкты укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий