• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Юрий Краковецкий дүйнөнүн 10 күчтүү дзюдочусунун катарына кошулду

Спорт 0

Бишкек, 6-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий дүйнөнүн күчтүү дзюдочуларынын рейтингинде 10-орунга чыкты. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Жаңыланган рейтинг майдын этегинде чыккан. Буга чейинки тизмеде ал 14-орунда болгон.

Белгилей кетсек, Ю.Краковецкий майда Бакудагы Ислам тилектештиги оюндарынан алтын, Гонконгдогу Азия чечмпионатынан коло медаль алды. Бул ага 1720 упай топтоп 100 кг жогору салмактагы спортчулар арасында 10-орунга чыгууну шарттады.

Бакудагы оюндардын жана Гонконгдогу Азия чемпионатынын коло медаль ээси Владимир Золоев жаңыланган рейтингде 49-орунда турат.

Мындан тышкары, Отар Бестаев (60 кг чейинки) 31-орунду, Бектур Рысмамбетов (66 кг чейинки) 24-орунда турат.

Аялдар арасындагы рейтингде Ксения Бельдягина 70-орунду ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий