• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Юрий Краковецкий Дохадагы Masters мелдешине катышат

Спорт 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Юрий Краковецкий 2021-жылдын 11-13-январь күндөрү Доха (Катар) шаарында өтө турчу «Doha Masters» эл аралык рейтинг мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

  1. Краковецкий Юрий – 100 кг жогору ;
  2. Мистрюков Сергей – ага машыктыруучу.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен иш-сапарга жөнөтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий