• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Юрий Краковецкий Ташкентте өткөн Gran Prix 2017 мелдешинен күмүш утту

Спорт 0

Бишкек, 09.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий Gran Prix 2017 турниринен күмүш медаль утту. Мелдеш Ташкентте 6нан 8-октябрь күндөрү болгон.

Аталган спорттун түру боюнча улуттук федерациядан кабарлашкандай, мелдеште Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Монголия, Израиль жана Польшадан здюдочулар катышты.

Кыргызстандын атынан машыктыруучу Сергей Мистрюковдун жетекчилиги алдында спортулар - Артур Те (66 кг чейин), Бектур Рысмамбетов (73 кг чейин), Шахиер Идрисов (90 кг чейин) Юрий Краковецкий (100 кг жогору) катышты.

Мелдеш 14 салмактык категория боюнча өткөрүлдү: (эркектер: -60 кг, -66 кг, -73 кг, -81 кг, -90 кг, -100 кг, +100 кг; аялдар: -48 кг, -52 кг, -57 кг, -63 кг, -70 кг, -78 кг, +78 кг).

Эске сала кетсек, мелдештин байге фонду 100 миң доллар болгон.

Байге төмөнкү тартип боюнча бөлүнгөн: биринчи орун – алтын медаль жана 3 миң доллар (дзюдочу – 2 миң 400, машыктыруучу – 600), экинчи орун- күмүш медаль жана 2 миң доллар (дзюдочу – 1 миң 600, машыктыруучу – 400), эки үчүнчү орун – коло медаль жана ар бирине 1 миң доллардан (дзюдочу – 800, машыктыруучу – 200).

Пикир

Оставить комментарий