• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Юрист: HRW өзүн бүткүл ааламдын прокурорундай сезбеши керек

Коом 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Human Rights Watch өз ордун билип жана өзүн бүткүл ааламдын прокурорундай сезбей жүрүшү керек. Бул тууралуу юридика илимдеринин кандидаты Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында президент Башкы прокуратурага “Азаттыкка” каршы доо арызын кайтарууну кароо тапшырмасын берди. Мамлекет башчы, бардык жарандар сыяктуу эле, доо арызын берүүгө жана аны артка алууга укуктуу. Бул анын жеке укугу. “Бирок, бул эгерде президент “Азаттык” менен соттошпоону чечсе, бул милдеттүү түрдө “Занозага” да тиешелүү дегенди билдирбейт. Менин билишимче, “Заноза” өз макалаларында алыс кеткен. Президент доо арызын калтыра алат”, - деди К.Осмоналиев.

Юрист акыркы кездерде HRW уюмунун өтүнүчтөрү талап кылууга өтүп кетип жатканын белгиледи. Бул абдан туура эмес, дипломатиялык мүнөздө эмес. Бул бүткүл ааламдын прокурорунун милдетин өзүнө алып, кайсы жерде адам укугу сакталып, кайда бузулуп жатканын аныктап жана чечкен эл аралык уюм.

“Бул өзүнө көп нерсени алган кадимки бейөкмөт уюм. Алардын бул кадамы – глобалдуу геосаясий оюндун куралы. Мен уюм өзүн мындай алып жүргөнүнө жана бизге эмне кылуу керектигин айтып жатканына түшүнбөй турам. Бул жөнөкөй эле бейөмөт уюм – өз ордун билип жүрүшү керек. Ооба, алар изилдөөлөрдү, мониторингдерди жүргүзүп, өз пикирлерин айта алышат, бирок бул ментордук тон менен эмес, тиешелүү түрдө болушу керек. Бул жерде алар “Заноза” маалымат агенттигинин негиздөөчүсүбү деген ой келет. Эгер алар үчүн бир нерсе сурап жатышса, демек, кандайдыр бир байланыш бар”, - деп билдирди К.Осмоналиев.

Эскерте кетсек, кечээ атамекендик ЖМКларда Борбор Азия боюнча HRW изилдөөчүсү Мира Риттманндын билдирүүсү жарыяланган. Эл аралык уюмдун билдирүүсүндө Кыргызстандын Башкы прокуратурасы укук коргоочу Чолпон Жакыповага, Zanoza сайтына, журналисттер Дина Маслова жана Нарынбек Идиновго карата доо арыздарын кайтаруусу керектиги жана аларга өлкөдөн чыкпоо тыюусун алып таштоо боюнча токтоосуз чараларды көрүү керектиги айтылат.

Булагы http://www.vb.kg/

Пикир

Оставить комментарий