• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Юстиция министри Аяз Баетов жамаатка тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Юстиция министрлигинин жамаатына ведомствонун жетекчиси Аяз Баетов тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Арзыбек Кожошев Аяз Баетовго министрлик кызматта иши жемиштүү болушун каалады. Ал Юстиция министрлиги министрлер кабинетинин курамындагы маанилүү министрликтердин бири болуп эсептелерин жана мекенибиздин мамлекеттик, коомдук жана жеке турмушунун бардык аспектилери боюнча маселелер компетенциясына кирген мамлекеттик орган экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде министр Баетов министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарына жаңы кызматка дайындоодо ага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди жана аны актоо жана ведомствонун функцияларын натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшай тургандыгын белгиледи.

Маалымдама: Баетов Аяз Батыркулович 1984-жылдын 20-декабрда Бишкек шаарында туулган.

Ал юридика илимдеринин доктору, мамлекеттик саясаттын магистри, Кыргызстан, Россия, АКШ жана Япония университеттеринде билим алуу алкагындагы тезистерди даярдаган.

Мамлекеттик кызматты, эл аралык юридикалык уюмдарды жана академиялык чөйрөнү кошо алганда, ар кандай чөйрөдө көп жылдык иш тажрыйбасы бар.

Мамлекеттик кызматтарда жетекчилик орундарда, эл аралык уюмдарда, академиялык чөйрөдө иштеген.

Практикалык жүзүндө мыйзамдарды реформалоо жана укук колдонуу боюнча актуалдуу маселелер менен алектенет. Мыйзам чыгаруу иштерге, эл аралык арбитраждык процесстерге, ошондой эле мыйзамдарды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторго жигердүү катышкан.

2020-2021-жылдары Өзбекстандагы ABA ROLI программаларынын өлкөлүк директору болгон.

Пикир

Оставить комментарий